Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тажикстандыктардын кыргызстандыкты ур-токмокко алуусунан башталган.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей кыргызстандык 17-декабрда сабалган. Ал учурда облустук ооруканада дарыланып жатат.
Ал эми бүгүн Көк-Таш айылында эртең менен Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал жаңжалга жеткен. 80 чакты кыргызстандык менен жүз чакты тажикстандык бири бирине таш ыргытышкан. Ал жерге чек ара кызматкерлери, облустук администрациянын жетекчилери, укук коргоо кызматкерлери барышып окуяны токтотууга аракеттенишкен. Мында жабырлануучу болгон эмес.