Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал башталганын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алардын айтымына караганда жаңжал бүгүн эртең менен башталган. Көк-Таш айылынын тургундары менен анын жанындагы тажик айылынын тургундары бири бирине таш ыргытышкан.
Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы учурда айтылган аймакта абал тынч экенин билдирди.