Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине талапкер болуп жаткан Азимбек Бекназаров малай тилин билбейт. Бирок ал белгилегендей бул элчилик ишинде башкы нерсе эмес.

“Тил билүү маанилүү эмес. Башкысы кыргыз тилин билесиңби, Кыргызстанды сүйөсүңбү, ошол маанилүү. Ал эми элчилик ишинде эки жүз сөздү жаттап алыш экинчи, бешинчи класстын окуучуларынын деле колунан келет. Малайзияга барсам малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет”, - деди.

Эске салсак Бекназаровдун талапкерлиги тармактык комитет тарабынан жактырылды.