Кыргыз-тажик чек арасында 16-декабрда чыккан чырдан  кыргызстандык  бутунан жаракат алганын  өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Маалыматка караганда  Көк-Таш айылынын Дахма тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Самонён айылынын тургундары чек ара аймакта жайгашкан дүкөндү тунуке менен тосуп алышкан. Бул кыргыз тараптын нааразычылыгын жаратып  12лерде  Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде 20га жакын кыргыз жарандары топтолгон. Ал жарандарды Тажикстандын белгисиз жараны «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унаасы менен  сүзгөн.

Бул кырсыктан  Баткендин  23 жаштагы М.А. уулу аттуу тургуну  сол бутунун тизесинен жарадар болгон.