Мурдагы ИИМ министри  Молдомуса Конгантиевге карата анын иш аракеттеринде кылмыш курамынын жок деген Биринчи май райондук соту аны актоо чечимин 5-июлда чыгарган болчу.  Конгантиевдин адвокаты  Икрамидин Айткуловдун маалыматына караганда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 

"Прокуратура ИИМнин экс-башчысынын күнөөсү боюнча эч кандай далилдерди таба албаган. Ошондуктан биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды", - деди адвокат.