Биринчи май райондук сотунда з Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды. Алмазбек Атамбаевди бүгүнкү соттук процесске алып келишээрин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Ал белгилегендей, мурдагы президенттин азыр акыбалы турукташты, кан басымы калыбына келип, өзүн жакшы сезип жатат.
Бирок Атамбаев процесске катышаарын же катышуудан баш тартаарын, суроого жооп берээр-бербешин билбей турганын адвокат белгиледи. Ал кандай кылса да "бул анын укугу" экенин кошумчалады.