Кийинки жумадан тартып коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер сатыкка чыгаарын Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинен билдиришти.
Маалыматка караганда карталар алгач жеңилдик берилчү жарандарга жана мектеп окуучуларына берилет. Мындан сырткары электрондук билеттерди ишке ашыруучу мэриянын өнөктөшү (Швейцария) системаны текшерүү үчүн, пилоттук режимде 2 миң стандарттуу картаны берүүнү пландап жатат.