Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
Ал белгилегендей Жапаровдун тарапташтары миллион кол чогулткандан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү ниеттенишүүдө. Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтоп жатышат.