Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине болгон талапкердигин карады. Жыйынтыгында комитеттин депутаттары саясатчынын талапкердигин колдоого алышты.
Регламент боюнча эми Бекназаровдун элчи болууга татыктуу же татыксыздыгы пленардык жыйында жалпы депутаттардын талкуусунан өтөт.