Депутат Аида Касымалиеванын троллейбуста бараткан сүрөтү соцтармакка жарыяланганы комментарий калтыргандардын аягы сууй элек. Бишкектеги №4 троллейбуста бараткан депутат айымды белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алышкан.
Анын парламенттеши Камчыбек Жолдошбаев бир канча убакыт мурда ЖК жыйынында кызматтык унааларды берүү керектигин анткени айрым парламенттештеринин эл каттаган маршруткадан түшүп, парламентке келип жатканын көргөндө "уялганынан шапкесин баса кийип өтүп кетээрин" айтып чыккан. Соцтармактын айрым колдонуучулары Касымалиеванын троллейбустагы сүрөтүн көрсө Жолдошбаев такыр эле кирээрге тешик таппай калат го деген сындуу пикирлерин тамаша иретинде айтышты.