Депутат Аида Касымалиева алыскы аймактагы мектептердин биринин директорунун жазган катын соцтармакка жарыялады:
"Иштер жакшы, акырын жүрүп жатат. Мектептин түйшүгү кээде оор, кээде иштен эргуу алганда жеңил сезилип калат. Мугалимдеримдин тең жарымы союздун кадрлары, алардан көп нерсени уйрондум. Мезгил келип мугалимдер коомдун эң алдыңкы адамдары болуп калган заман да келээр...
Аида эже, директор болуп таза иштедим, бирөөнүн бир сомун албадым, мен жокто үйгө параларын (союш, белек, же акча... ) алып келишет эле, кайра аларды үйлөруно жеткирип берип, пара сунуштаган кадрларды жумушка кабыл албай коер элем.
Мектептин айнектерин проект менен пластикке алмаштырдык, тендерден уткан бала "50 000сом берейин, 3 тилкелуу (кытайдын) пластигин коюп берейин" - деп шымаланат. Ага "төрт тилкелуу пластик коесун, 50 000сомун ашып жатса, 50 подокконик кошуп жасатып бер"-деп бир сомун албай жасаттым. Быйыл мектептин чатырын стим.гранттын эсебинен жаптырдык, ал да бир топ түйшүк, тоскоолдуктар менен ишке ашты. Утуп алыш үчүн фирмалар алдын ала жакындарым аркылуу ар кандай суммадагы акча каражатын сунуш кылышты, баш тартып тендердин талабы боюнча өткөрдук. Утуп чыккан фирмадан (подрядчиктен) мыйзам жана проект боюнча талап кылып туруп алдым. Чатыр чынында аябай сапаттуу жабылды. Иш учурунда "эски жыгачтарын калтырып, тыныкенин жукараагын жабайлы, ким көрмөк эле"-деп "акылдарын" айтып, ар кандай жолдор менен азгырууга айыл өкмөт башчысы баш болуп кыйыр түрдө аракет кылышты. Бирок ошондо да ининиз көктүк кылып чатырдан түшпөй туруп алды. Акыры мага ынанышты, акыры мен талап кылгандай жаап беришти.
Аида эже, жалгыз айланамдагылар менен куроштум, туруштук берүү кыйын экен, күн өткөн сайын канатым кайрылып (дегеним, комиссиядан чыгарышты, чакырбай эле өздөрү чечип, ж.б.у.с) баратат... Кайсы күнгө чейин туруштук берип иштейт экенмин, айтуу кыйын... Бирок таза болсоң эл, коомчулук баалайт экен, мен үчүн ошол сыймык! Райондук билим берүү бөлүмүнүн тендерди өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү болчум, жылда эле мектептерге "таза краска алабыз" - деп талаша берчи элем, быйыл негедир комиссиядан чыгарып коюшуптур, унчукпадым.
Айлыгымдын кайсы бир бөлүгү мектептин көрүнбөгөн чыгымдарына кетип калат экен, анан үйдө жетишпестик, бала-чака чоңойгон сайын муктаждык да көбөйдү😀.
Мунун баарын сизге эмне үчүн айтып жатканым түшүнүксүз, эгер убактынызды алсам, кечирим сурайм. Бирок, сизди жакын тутам, тазалыктын символу катары көрөм, сиз да мага окшоп жанагыдай ыплас иштерден алыс деп ойлойм!
Кенедей мектептин чатырын жабууда жеке кызыкчылык, кызыл кулактык болооруна көзүм жетти, а бүтүндөй өлкө боюнча мындай иштердин канчасы ишке ашууда?...
Чатырды жапкандар "мынча мыгынан бери кириштин, мектеп сенин үйүн беле?" - деп жанды чыгарат, аларга "ооба мектеп үйүм, бул жерде мен окуганмын, бул жерден эртеңки биздин өлкөнүн келечеги көрүнүп турат, мен аларга кыянаттык кыла албайм" - деп айттым. Бирок, аларды ишендире, ынандыра алдым, жыйынтыгында жакшы жаап беришти.
Дагы бир окуя: кышында сапожка алайын деп базарда журсом, завхозум чалып, "суу айдаган насос күйүп кетти, эптеп ала кел" - деп калды. Сапожка албай 5000 сомго насос алып келип орноттук, жакшы эле иштеп жаткан. Анан баягы катуу суукта кароолум тонуп калган насоско кайнак суу куюп муздарын эритпей эле токко сайып жибериптир. Ишке барып насос күйүп калды деген кабарды угуп алып, техкызматкерлерди чогултуп, "сапожка алайын деген акчама насос алып келдим эле"-деп ыйлаганмын. Ошол учурду эстеп алып кээде кулкум келип, кээде зээним кейип кетет. Азыр да насос күйүп калса сантехнигим " директор сапожка албай койсо, насос бар"-деп кулдуруп калат.
Аида эже, бизге тез арада өзгөрүүлөр керек... Бирок, күн өткөн сайын үйдөгү жана сырттагы турмуштук керектөөлор, менин айлыгымдын шаштысын алууда. Кээде паракорчулук, аксымдуулук деле жетишпестиктен чыгат окшойт деп ойго батам, бирок Аида эже, ымандай сырым: эч кимден эч кандай нерсе албадым, кудайдын жана олкомдун алдында тазамын. Туура, кээде кандайдыр бир каражаттар ишке ашып калат, алардын баарын мектептин кызыкчылыгы үчүн жумшап салам. Менин жазгандарымды окугандан кийин сиздин кандайдыр бир реакция кылышыныздын деле кажети жок, болгону бул менин ички сырым, бугум, угуп кана койсоңуз... Анткени, сизде кайсы бир деңгээлде өлкөнүн тагдырын чечүү, өнүктүрүү, же болбосо алдыга сурой турган дем-күч, эрк жана билим бар. Албетте, менин акылыма сиз муктаж деле эмессиз, мен айткан көйгөйлөрдүн көбү менен сиз жакындан таанышсыз, аны чечүүнүн жолдорун сиз көп жолу айтып келе жатасыз. Эми токтотоюн, сиздин ансыз деле убактыныз аз.
Сиз жалгыздай сезилесиз. Сиз таза болунуз, кайсы бир күнү чыгаандар чыгат, баарын тазалап, бакубат өлкөнү курууга киришет".