"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон баш аламандык, барымтага алуу жана өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иши иликтенип жатат.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2019-жылдын 16-декабрь күнү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн күбө катары Кундуз Жолдубаева чакырылган. Суракка алынган соң ал кое берилди.

Ал камакка алынды деген билдирүү чындыкка дал келбейт", - деп билдирди ИИМ.