Парламенттеги айрым депутаттар спикер Дастан Жумабековду парламенттин чокусунан түшүрүү аракетин жасап баштаганы өткөн жуманын аягында белгилүү болгон. 

Мындай демилгени депутат Исхак Масалиев көтөргөн. Бул боюнча сунуш парламенттин кароосуна киргизилген. Масалиевдин айтымында Жумабеков жакшы иштей албай жатат. 

"Көптөгөн мамкызматтардын имиджи анын жетекчилигинен көз каранды. Бизден учурда спикерден. Учурдагы төрага Дастан Артисбекович бул кызматка даяр эмес болуп чыкты. Ал жаш дагы үйрөнүшү керек", - деди депутат. 

 Белгилей кетсек мыйзамга ылайык спикерди ээлеген ордунан парламенттин курамы түшүрө алат. 

 Дастан Жумабеков акыркы учурда сынга көп кабылууда. Акыркысы - Франкфурт-на Майне немец шаарынын аталышын туура эмес атап алганы болду.