Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиевдин бүгүн УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду. Анын адвокаты эмне себептен суракка чакырылганын ачыктабады жана депутат сурак процедурасы аягына чыкмайынча бул боюнча кандайдыр бир маалыматтарды бербей турганын кесе билдирди. 

Жаныбек Бакчиев Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы. Ал аны төрагалыкка сунуштаган фракция көпчүлүк коалицияга кирбей калганына байланыштуу 2011-жылы кызматтан өз эрки менен кеткен болчу.