«БАЭде бюджеттик негизде бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим алууга кыргыз студенттери үчүн квота берүү жана студенттер менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду», — деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында барган расмий делегациянын мүчөсү.

Министр маалымдагандай, бүгүнкү күндө БАЭнин билим берүү мекемелеринде 100дөн ашуун кыргызстандык студенттер билим алууда. Эми окууга берилген квота берүү жөнүндө макулдашуунун алкагында БАЭде билим алууну каалагандардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Каныбек Исаков бул макулдашуулар өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн жаштары ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшөт. Ал ошондой эле билим берүү жаатындагы жетишилген макулдашуулар тууралуу кеңири айтып берди.

Ал баса белгилегендей, Кыргызстан менен БАЭнин Билим берүү министрликтери ортосунда биринчи жолу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду, меморандум мектепте жана жогорку билим берүү жаатында өз ара мамилелерди, тажырыйба алмашууну, биргелешкен конференцияларды өткөрүүнү жана адистерди даярдоодогу кызматташууну жөнгө салат.

КР Билим берүү, илим министрлиги жана БАЭнин Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда кол коюлган экинчи макулдашуу Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө.

«Академия исламдын эң башкы баалуулуктары — боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүккө окутат. Жакшы иштерди жасоого чакырат. Мисалы, Татарстанда (РФ) окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн светтик Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган», — деп түшүндүрдү Каныбек Исаков.

Ал белгилегендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат.

«Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилелерди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Албетте, буга бир канча уюмдар катышат, бирок негизги көзөмөл Билим берүү министрлигинде болот», — деп баса белгиледи Каныбек Исаков.