Урматтуу ММКнын өкүлдөрү!!!

Акыркы убакта мамлекеттик же расмий сапар менен кайсы гана саясатчы Беларусь өлкөсүнө келбесин "Бакиевке жолукту"- деген имиш чыгат. Урматтуулар ушундай жөө жомогуңарды токтотсоңор! 


Анткени, Курманбек Салиевич  менен 70 жылдык торколуу тоюнда кенен олтуруп баарлашууга мүмкүнчүлүк болду. Мына ошондо 
Курманбек Салиевич саясаттан кеткенине көп болгонун дагы бир жолу ачык айтты. Ошондой эле мамлекеттибизде боло турган шайлоолорго эч качан аралашпастыгын баса белгиледи.


Бирок,  7-апрель окуясы боюнча соттошууга жана өзүнүн актыгын далилдөөгө ынтазар экенин жашырган жок. Буюрса, ал кандуу окуялар боюнча юристтер менен акылдашып эл аралык сотторго арыз менен кайрылат. Буга бөркүңүздөрдөй ишенсеңиздер болот! 

Курманбек Салиевич Кыргызстандан чыгып кеткенден бери мамлекетибиздеги эч бир саясий окуяларга аралашкан эмес. Ал кишинин дарегине таш ыргытып, кайсы бир саясий иштерге автор кылып көрсөтүү бул аны көрө албаган алсыз саясатчылардын жана алардын тарапташтары тарабынан тарап келген жалган жалаа, суу кечпеген жомоктор.


Курманбек Салиевич мекенибизден алыс болсо да жүрөгү ар дайым кыргыз эли менен. Ал ар дайым Кыргызстандын бейпилдигин, элибиздин ынтымагын тилеп келген жана да мына ушул принциптерин ар дайым туу тутуп келет. 


Урматтуу журналисттер!!!


 Эгерде, кайсы бир саясатчы Курманбек Салиевич менен жолуктум деп сыймыктануу менен айтып жатса ишенбеңиздер. Анткени, ал киши эч ким менен жолукпаганын мен так кесе айта алам.


Ал эми Курманбек Салиевич азыркы тапта эмне менен алек болуп жаткандыгы сиздерге кызык болсо, бул тууралуу   кенен маалыматты жакынкы убакта баарыңыздар менен бөлүшөм деп убада берем. Анткени, элге туура жана так маалымат жеткирүү бул сиздердин милдетиңиздер экенин жакшы билем.


Ошондуктан Курманбек Бакиев тууралуу кандайдыр бир маалымат угуп кантип тактарыңызды билбей жатсаңыз тартынбай мага кайрылыңыздар .