-Камчыбек Кадыршаевич, сиздин досуңуз, саясаттагы пикирлешиңиз Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруу талабы менен 19-декабрда митинг болот деген кабар пайда болду. Сиз бул митингге катышасызбы?

-Мен азыр алыс жакта жүрөм. Европада уулумдун жанындамын, Садыр Жапаровду колдоо, анын боштондугун талап кылган митингдин болоорунан кабарым бар. Алыс жакта болсом да  митингге катышууга, ошол убакка чейин жетишип барууга аракет кылам. .

-Садыр Жапаровго боштондук талап кылуу туурабы? Ал эркиндикке чыгышы керекпи?

-Садыр Жапаровдун акыйкатсыздыкка дуушар болуп түрмөдө отурганы мамлекеттеги бардык жарандарга маалым болуп калды. Элдин аны бошотууну талап кылып чыкканын туура деп эсептейм жана колдойм. Ошондой эле мен мага бул маселе боюнча кайрылып жаткан, мамлекетибиздеги коррупцияга, акыйкатсыздыкка каршы болгон, Садырдын акыбалын жакшы түшүнгөндөрдүн баарын колдоп, митингге чыгып берүүгө чакырам. Келип, Садырды колдоп бериңиздер деп суранам.