-Садыр Жапаров бүгүнкү күнү саясаттын курмандыгы болуп отурганы бешиктеги балага да маалым. Кептин баары Кумтөрдө болуп жатпайбы? Ошол жердеги чиеленген мафиялык коррупциялашкан бир ууч «команда» өлкө саясатына таасири күч экени даана эле байкалып турат. Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да Кумтөр боюнча чечкиндүү кадамдарга бара албай чайналып турганы да жөн жерден эмес. Садыр боштондукка чыкканы алар үчүн кооптуу. Кумтөр боюнча көп маалыматы бар, сырларын элге шардаана кылат. Түрмөдө кармаганы эле ыңгайлуу болуп жаткандай, бийлик үчүн да. Соттор болсо заказ гана аткарат.