Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты. Алар акцияга  беткап тагынып чыгышкан.

Уюштуруучулардын айтымында, кийинки апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.