Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатууну уюштурган бир нече кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду. Кыргызстандын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү өсүмдүк түспөлүндөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну токтотуу боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлдү. Баңгизаттарды сатуу каналын да үй-бүлөлөр уюштурган.


Ошентип, үстүбүздөгү жылдын октябрынын башында Жалал-Абад облусунун Бишкек-Ош трассасындагы атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн жардамы аркасында 1975-жылы туулган жаран Н.Н. кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда 820 гр. салмактагы баңгизат табылып алынган. Эксперттердин маалыматына ылайык алынган зат «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган. Мындан аркы БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунда кошумча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңгизаттарды ташып жаткан учурунда 1975-жылы туулган С.Б. кармалган, ал буга чейинки кармалган Н.Н.дин жолдошу болгон. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 445 гр «гашиш» баңги каражаты алынган.


Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан башка сатуунун туруктуу каналы аныкталган. «Сосновка» айылындагы ЖКККББнын стационардык постунан атайын тергөө аракетин өткөрүүдө 1990-жылы туулган жаран Ж.К. таандык автоунаасындагы сумкасынын ичинен 104 гр «гашиш» баңги каражаты табылып алынган. Экинчи 1972-жылы туулган жаран К.Н. жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзүү учурунда 980 грамм «гашиш» баңги каражаты табылып алынган. Алынган маалыматтарга ылайык шектүү К.Н. 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары турат. Ошондой эле анын үй-бүлө мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ушул эле жылы баңгилик кылмыш үчүн соттолгон.


Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси “Сатуу максатында баңгикаражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо” боюнча сотко чейинки өңдүрүш ишин баштаган. Шектүүлөр УКЖга киргизилди.