Ар бир жолу эл өкүлдөрү ар кандай социалдык обьектилер боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып жатышат. Бул тууралуу депутат Эрмамат Тагаев парламент жыйынында Өкмөттүн өнүгүү программасында социалдык тармактарды өнүктүрүү маселелерине токтолуп жатып билдирди. 

Депутат өкмөткө   оор абалына жана оор шарты менен жетүүгө кыйындыгына жараша аймактар боюнча ар бир жылда экиден облустун социалдык обьектилерин бүткөрүүнү  сунуш кылды.

Анын айтымында, 2020-жылы Баткен менен Нарын облусунун социалдык обьектилерин, кийинки жылы дагы башка эки облустун социалдык обьектилери бүткөрүүнү пландап, өкмөт  ирээттүү иш алпаруусу зарыл.