1-декабрдан бери «Кумтөр» алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары жүрүп жатат. Бирок издөө иштери натыйжа берген жок. Ага кошумча күчтөрдү тартуу зарыл.

Бул тууралуу депутат Руслан Чойбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ооба, жоголгон адамдарды издөө жумуштары өтө татаал жана катаал шартта жүргүзүлүп жатат. Менимче, Казакстан, Кытайдан, Россия сындуу өлкөлөрдөн да кошмча күчтөр тартылса жакшы болмок», - деди депутат.

Эске салсак 1-декабрда Лысый мөңгүсү көчүп, ал жердеги жумушчулар коопсуз аймакка жөнөтүлгөн. Арасынан айдоочу менен мастер коопсуз аймакка жетпей дайынсыз жоголушкан.