Бүгүн, 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев көңүлдү улуу жазуучунун каралбай калган музейине бурду. Ал   жазуучунун эстелиги орнотулуп, көчөлөр менен сейил бактарга ысымы берилип жатканы менен анын музейине анчалык көңүл бурулбаганын белгиледи.  

«Чыңгыз Айтматовдун музейине көптөгөн чет өлкөлүк меймандар, белгилүү адамдар келет. Мына, жакында эле Путин менен Токаев келип кетти. Ошондуктан, музейди оңдоп-түзөп, экспонаттарын толуктоо милдети турат. Бул багытта бюджеттен каражат бөлүнсө жакшы болмок. Өкмөт муну эске алышы керек», - деди депутат.