Депутат Аида Исмаилованын айтымында Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгерлер жетишпейт. Жаш кадрларга жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, жаштар башка жакка кетүүгө аргасыз. Ал тургай, тажрыйбалуу эле дарыгерлер да жумуштан кетүүгө арыз жазышкан.  Бул медициналык мекемелердин абалын начарлатып жатат.   

«Акыркы мезгилде медициналык окуу жайлары менен базалык ооруканалардын ортосунда чоң ажырым пайда болуп, жаш кадрларды даярдоо жүрүмүнө кедергесин тийгизип жатат. Мындай жагдай даярдалган кадрлардын кесиптик деңгээлине кесепетин тийгизбей койбойт. Муну эстен чыгарбаш керек», - деди депутат.