«Коопсуз шаар» долбоору киргизилип жатканда, бул долбоор кийин конкреттүү долбоор болбой эле, коммерциялык долбоор болуп калбасын даген кооптонуумду айткамын. Акыры ал дал ошондой жеке бир «Вега» компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн коммерциялык долбоор болуп калды. Азыр төрт буттуу карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу видеокамерадан коркуп отурат", - деди депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеш жыйынында.
Айтымында «Коопсуз шаар» долбоору элдин эсебинен кызылдай акча табуунун куралына айланып калганын моюнга алуу керек. Ошондондуктан адамдардын керт башына тийиштүү жеке маалыматтар да сыртка чыгып кетүүдө. Ага жакында эле болгон Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына байланыштуу окуяны мисал тартсак болот.
"Дагы жакшы ал жигит унчукпай тынч отуруп калды. Мен анын ордунда болсом, 100 млн сом доо коюп, «Вега» компаниясын сотко бермекмин.», - деди депутат.