Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кашкалдак айылында төрт балалуу жалгыз бой энеге үй курулганын жана анын чыгымын ушул айылдын айылдагы жана Россияда иштеп жүргөн жашоочулары көтөргөнү соцтармакка жарыяланды.
Анда айтылгандай аял күйөөсү менен ажырашып кеткен. Эркек бир туугандары болгон эмес, а эжелери өз турмушу менен алек болгондуктан төрт баласы менен ата-энесинен калган үйдө баш калкалаган. Бирок үй абдан эскилиги жеткендиктен урап, бир жак дубалы көчүп түшүп калган. Жалгыз бой эненин чама-чаркы жетпегендиктен оңдоо иштерин жүргүзө албай ураган тарапка кездеме тартып эптеп тирилигин кылган.
Эненин мындай жагдайына кайдыгер боло албаган ошол айылдын Мырза Досматов аттуу жашоочусу май айында демилге көтөрүп, Россиядагы айылдаш мигранттардын башын бириктирип демөөрчүлүккө чакырган. Ошону менен үй курулушу башталып, мындан эки күн мурда, 8-декабрда соңуна чыкты.
Демилгечинин айтымында үй курулушуна 600 миң сом кеткен. Анын 450 миңин Россиядан которушкан, ал эми калган каражатты айылдагы айылдаштар көтөрүп беришкен. Айтымында бул үйдү бүткөрүүгө четте эч ким калбаган, айылдын тургундары колдонунун келишинче салым кошуп, 100 сомдон 100 миң сомго чейин бергендер болгон.