“Кумтөр” кенинде эки жумушчунун табылбай жатышы боюнча депутаттар депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты эле спикер   колдоого алып комиссия түзүү боюнча демилгени тармактык комитеттин кароосуна жиберди.

“Кумтөрдө” 1-декабрда өзгөчө абал жаралып, Лысый мөңгүсү көчө баштаган. Ошол аймакта иштеп жаткан жумушчулар тез арада эвакуацияланган. Бирок арасынан бульдозердун айдоочусу менен мастер коопсуз аймакка кайтпай калышкан. Аларды издөө иштери 11 күндөн бери жүргүзүлүп, бирок натыйжа бербей келатат. ӨКМ издөө иштерине 94 куткаруучу жана 38 техника тартылганын кабарлаган.

Дастан Жумабековдун айтымында  келерки жумада өкмөт “Кумтөр” боюнча отчет берет жана ошондо эл өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткандар кантип изделип жатканын сурашат.