Муну айтуу менен ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ири коррупциялык афера ишке ашкандыгын дагы бир жолу тастыктагандай болду.

 

Дегенибиз, А.Назаров 300 мегаватт кубаттуулуктагы ЖЭБ-2 200 млн. АКШ долларына курулганы жатканын билдирди. Демек, Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 млн. долларлык  насыяга Бишкек ЖЭБин модернизациялайбыз деген шылтоо менен ири акчалар капчыктарга салынганы адис эмес адамга деле түшүнүктүү болуп калды. 386 млн. доллар ЖЭБдин 30 %ын гана модернизациялоого жетти дегенге ким ишенет?

Бирок ошого карабай ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча айыпталган фигуранттардын  соттун чечимдерине нааразы болушуп, соттук чечимди саясатка байланыштыруу менен өздөрүн сүттөн ак көрсөтүүгө аракет кылып жаткандарына жол болсун. Аргасыздан “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегенге ишенбей кое албайсың.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити