Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапары менен кетти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
Өкмөт башчы сапардын алкагында «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктунда инспектордук-текшерүү комплекстин ишке киргизүү аземине катышат.
Ошондой эле, Өкмөт башчы Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салууга катышат.