Жогорку Кеӊеште бир катар кодекстерди өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн өзгөртүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодекске, Жоруктар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу жана Өкмөт.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. “Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган.

Анчалык олуттуу эмес бузууларга жогорку айып пулдардын туура эмес коюлушуна нааразы болгон жарандардын кайрылуулары көбөйүп барат. Социалдык түйүндөрдө бузуулардын айрым категориялары боюнча өтө жогорку айып пулдардын коюлгандыгы сынга алынууда. Ошондон улам, сунушталган мыйзам долбоору жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына карата ишеним деңгээлин жогорулатууга, “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен бирге, айып пулдун өлчөмүн аныктоодо жана аларды төлөтүүдө айрым адамдардын тобуна жетеленип калбай, мамлекет айып пулду өзү белгилеп, өзү мажбурлап төлөтүү керектигин баса белгиледи. “Эреже бузган адамдардын арасында айып пулдарды төлөбөй жүргөн адамдар арбын. Мамлекет өз эркин көрсөтүп, андай адамдарга карата катуу чараларды көрүүгө тийиш”, - деди ал.

Депутат Таалайбек Масабиров автомашиналар өтө көбөйүп кеткендиктен, улам шаарлар ышталып жатканын эске салып, тийиштүү органдар автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүү зарылдыгын айтты. “Жеке менчик техкароо жайлары кызмат акысы үчүн автомашиналардан 1500 сомдон алууда. Аны мамлекет өзү колго алып, 300 сомдон эле кароодон өткөрсө, мамлекетке дагы, автомашина ээлерине дагы пайдалуу болмок”, - деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи. “Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Бул маселе чечилип жатыртыр деген кеп бар, качан чечилет”, - деген собол салды ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү ушу тапта Жолдо жүрүү эрежелеринин жаңы долбоору иштелип чыкканын, ал бир айдын тегерегинде кабыл алынарын, андан “автомашиналар күндүз жарыгын күйгүзүп жүрүшү керек” деген талап алынып салынганын айтты.