Эмгек рыногундагы бир катар кесиптер боюнча муктаждыкты эске алганда,  жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 6,6 миң адам кесиптик билим алууга жиберилген, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8%га көп (2018-жылы 6,1 миң киши жөнөтүлгөн). Окуудан өткөндөн кийин 2,6 миң адам ишке орношту, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 96%  жана  окууга жөнөтүлгөндөрдүн 40% түздү. 

Жумушсуз жарандарды окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Менеджерлер, котормочулар, куруучулар, офис-менеджерлери, операторлор, администраторлор, сатуучулар, коопсуздук кызматкерлери жана тейлөөчүлөр боюнча бош орундарга жана атайын бир кесипти талап кылбаган, толук эмес жумуш күн үчүн ишке орношкондор көп болду. 

2019-жылдын 10 айында 14,9 миң адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда убактылуу иштеп туруу үчүн жиберилген. 

Аймактарда ай сайын «Бош орундардын жарманкеси» өткөрүлүүдө. 2019-жылдын 9 айында  37 «Бош орундардын жарманкеси» болду, ага 15 100 киши катышты. Алардын 2390у ишке жиберилсе, булардын 411и жумушка орношту. Ал эми «Бош орундардын жарманкесине» жалпысынан 494 иш берүүчү катышты. 

2019-жылдын 1-июлунан тарта ишке орнотоштуруу кызматтары жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөй баштады. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июлундагы №281 токтому менен бекитилген «Жумушсуздук боюнча жолөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобонун» киргизилишине байланыштуу. 

  

​​​​​​​