Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышын өткөрүүдө.

Күн тартибине жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү тууралуу жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, Соттук реформа боюнча кеңеш жана Өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелери сунушталды.

Мамлекет башчысы буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача айтып кетти.

Ал белгилегендей, өткөн 2 жылдын ичинде Кеңештин эки жыйналышы өттү. Анда сот системасы үчүн жаңы программанын долбоору, айрым мыйзам актыларын өркүндөтүү каралды. Ошондой эле жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү маселеси талкууланды. Андан сырткары, ушул жылдын март айында болуп өткөн Судьялардын съездинде Президент тарабынан алдыга коюлган милдеттер белгиленди.

«2018-жылдын майында менин тапшырмам менен соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул — иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн байкап турууга, проблемаларды аныктоого жана аларды оперативдүү чечүүгө мүмкүндүк берген туура кадам болду. Аталган топ мониторинг жүргүзүү үчүн өлкөнүн бардык облустарына барып келди. Жер-жерлерде жаңы мыйзамдарды колдонуу, ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүздү. Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жаңы мыйзамдардын жоболору боюнча окутууларды өткөрдү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы 2018-жылдын октябрында жана 2019-жылдын июлунда соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ менен кеңешме өткөргөн. Алардын ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышкан. Анда соттук-укуктук реформанын жүрүшүнүн негизги проблемалары аныкталып, жыйынтыгында мамлекеттик органдарга кемчиликтерди жоюу боюнча кошумча тапшырмалар берилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи. Бирдиктүү реестр Кыргызстанда эң чоң электрондук системанын бири. Бул система ачык статистиканы, анын катарында адам укуктарын коргоо боюнча статистиканы көрсөтө баштады. Реестр ишке киргенден бери катталган кылмыштардын саны кескин түрдө өстү, себеби жаңы кодекстердин талабына ылайык ар бир арыз катталууга тийиш.

«Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап кое-турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы — бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул Реестрдин бир гана — сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек», — деп айтты Мамлекет башчысы.