Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.


2019-жылдын 12-ноябрь күнү оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү.