"Кумтөр" кениндеги компаниянын дайынсыз болуп жаткан эки жумушчусун издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

 

Маалыматка караганда учурда 94 куткаруучу жана 38 оор техника тартылган. Лысый мөңгүсүнөн көчкөн көчкүнүн көлөмү 182,4 миң тоннаны түзгөн же 79,3 миң куб метр. 

 

Эске салсак 1-декабрда "Кумтөрдө" кырсык болуп Лысый мөңгүсү көчкөн. Кооптуу аймактарда иштеп жаткан жумушчулар шашылыш коопсуз аймакка эвакуацияланган. Бирок бульдозердун айдоочусу менен мастер ал жакка келбей калышкан.