Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда, Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду:

«Урматтуу мекендештерим!

Биз чейрек кылымдан бери дүйнөлүк коомчулук менен бирге Адам укуктарынын эл аралык күнүн белгилеп келебиз.

Кыргызстан 1994-жылы биздин аймакта алгачкылардан болуп Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган.

Адам укуктарын коргоого жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө багытталган БУУнун идеялары биздин коомдун менталитетине шайкеш келет.

Улутуна, тилине, диний ишенимине карабастан ар бир инсандын кадыр-баркын урматтоо, адам укугун сактоо, коомдогу ынтымакты чыңдоо — ата-бабаларыбыздын кылымдарды карыткан көөнөрбөс мурасына кирет.

Ошондуктан адам укуктарын коргоо — биздин мамлекетибиздин негизги милдети бойдон кала берет.

Биздин коомубуз ар дайым адамдын эркиндигинин бийик деңгээли менен айырмаланып келген.

Биз ар бир жарандын укуктары кынтыксыз сакталган мамлекетти, адамдар өз укуктарынын сакталаарына бекем ишенген коомду курууга умтулабыз.

Биздин өлкө БУУнун алкагындагы адам укуктарына тиешелүү эл аралык келишимдердин дээрлик баарын ратификациялаган.

Быйылкы жылы Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгын кеңири белгиледик.

Кыргыз Республикасы 2016-2018-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болгон, ал эми быйыл, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланды.

Бирок биз дагы көп нерсени жасоого тийишпиз.

Эң башкысы, адам укуктарын бекем сактаган ынтымактуу коомду жана адилеттүү бийликти түзүү — биздин максат.

Бул иштин ийгилиги — өлкөбүздө мыйзамдардын кыйшаюусуз аткарылышына жараша болот.

Ошондуктан бул иштин ийгилиги ар бирибизден көз каранды.

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерге бекем ден соолук, элибизге ынтымак, жерибизге тынчтык каалайм».