Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

2019-жылдын 9 айында республика боюнча 73 237 жумуш берилсе, алардын  ичинен 6 449 иш орунду иштеп жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер (юридикалык жактар) берген, бул кайрадан түзүлгөн жумуш орундарынын 8,8% болуп саналат. 

Бейформал чөйрөдө (жеке ишкерлик жана дыйкан, мал чарбачылыгы) 66 788 жумушчу орун берилип, 91,1%  түздү. Айыл чарба тармагы иш орундарын түзүү боюнча алдыңкы катарда турат, бул чөйрөдө 23 019, бейформал тармакта 22 913 иш орду берилген. Экинчи орунда соода тутуму турат, анда 13 985 орун берилген, бул жылпы бейформал чөйрөнүн 90% түзөт. 

Ошол эле учурда республика боюнча 11 948 иш оруну жоюлган. Булардын 74, 8%  бейформал чөйрөгө таандык, бул тармактан 8 941 жумуш орду жоюлган, анын 7586сы жеке негизде болсо, 1355и дыйкан жана мал чарбачылыгына таандык. Быйыл 9 айдын аралыгында республика боюнча 620 ишкана толугу менен жабылган.   

Билим берүү деңгээли боюнча эмгек ресурстары: жогорку кесиптик билими бар - 566,9 миң адам; толук эмес жогорку билими бар - 23,4 миң адам. 314,2 миң адам орто кесиптик билимге, 161,7 миң адам баштапкы кесиптик билимге ээ.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2019-жылдын январь-августунда 89,0 миң адамга же 1,4 пайызга көбөйүп, 2019-жылдын 1-сентябрына карата 6 млн 479 миң адамды түзгөн. 

2019-жылдын январь-августунда калктын табигый өсүшү республиканын аймагы боюнча төрөлүүнү каттоонун эсебинен өскөн. Калктын 1000не табигый өсүштүн кыйла жогорку деңгээли 2019-жылдын январь-августунда Ош шаарында жана Баткен облусунда белгиленген.