Жарандык активист Рита Карасартова башталгыч адистик Агенттигинин директору болуп жакында дайындалган. Ал жаңы кызматка киришүүдө кандай маселелерге туш келгенин "Vesti.kg" сайтына бөлүшкөн: 

 

"Эки жыл мурда кабыл алынган токтом эмнеге күчүнө кирбей жатканын Каржы министрлигинен тактадым. Ал биз үчүн абдан маанилүү. Алар аны баары норма болушу үчүн карап жатышканын айтышты. №10 лицейде болуп, өндүрүш базасын көрдүм. Ага абдан ыраазы болдум. Анткени бул жерде абал бир топ начар болуш керек деп ойлогом. Албетте Кыргызстан боюнча мындай болбой калышы да мүмкүн. Балдар менен таанышып кантип окуп жатышканын көрдүм.

 

Баарына акча каражаты жетпешин түшүндүргөнгө туура келди. Ар бир лицей кандайдыр бир каражат иштеп таап аны өзүнүн потенциалын өнүктүрүүгө жумшашы керек. Бир тараптан караганда бюджеттен анча көп эмес каржылоо болот. Экинчи тарабынан лицейлерге иштеп акча табууга жол берилбейт бул балдар эмгегин пайдалануу катары бааланат. Маселе абдан көп. Өкмөт бардык маселелерди чечебиз деп жатат". 

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматка келип абдан көп арыз-муңга туш келгенин кошумчалаган.