Фейсбуктагы Кубаныч Кудайберген аттуу колдонуучунун посту:

 

"Эл баштап,эл алдында жүргөндөрдүн деңгээлин көрдүк окшойт. Р. Отунбаева:айылдыктардын маданий деңгээли төмөн,шаардыктар аларга теңелип артка кете албайбыз десе, Ч. Турсунбеков: төө чечмей деген салт бар эле деп дөөрүдү.


Ээй, көкүрөгү көңдөйлөр! Билип алгыла.


Биринчиден Кыргыздын маданияты шаардык,айылдык деп бөлүнбөш керек. Ушу шаарың да бир кезде айыл эле болгон. Элдин салты,маданияты кантип, жердин статусуна карап калыптансын эси жоктор.


Чындап ала келсе, азыр Бишкекте жашагандын 90% элет жеринен.


Тилекке каршы, ошо шаарга келгендер чет жактын бузулган маданиятын көрүп алып, Кыргыздын кылымдан бери башкага үлгү болуп келген үрп- адатын,каада-салтын бузуп жатабыз.


Илгери Кыргыз:жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтбө деп эмнеге айткан. Көрсө адеби бузулат деп билишкен тура.


Калыстык менен айтсак. Азыркы учурда адеп-ахлах,маданият айыл жергесинде гана сакталып келет. Улууну урматтоо, улуунун сөзүн,кеңешин угуу дегенди элеттин гана балдары түшүнө алат. Ошол эле Отунбаеванын,Жангарачеванын, Турсунбековдун шаарда өскөн баласынан сурагылачы, жамбаш менен күң жилик кимге тартылат деп. Пок билбейт. Алар эмес ушу дөөрүгөн, өздөрү билеерине күмөнүм бар. Анткени алар, чет элдин өзүмдү өзүм билем,менин жашоом менин ишим,эмне кылсам өз эрким,каалаганды кылганга укугум бар деген түшүнүккө чыланып калышкан. Ошон үчүн,батыштын бузулган маданиятын бизге таңуулап жатышат да.
Ал эми Чыныбайга кеп жок. Илгээри кутурган байлар, калың бергенде же кыздын себин бергенде бир төөгө жүк артып келип, кайсы аял жылаңачтанып чечип кетсе төөнүн жүгү ошого тартуу деп тамаша салышчуу экен. Ал деле бирин,экин болгон көрүнүш. Жаман нерсе бат тарайт эмесби. Анда дагы мен чечем деп өз ыктыяры менен чыккан аял болгон эмес экен. Ошо калыңга күң,кул кылып кошо келгендердин арасынан бирөөсүн зордоп чыгарышып төө чечтирген экен.


Бу көрүнүш Кыргыздын маданиятына,салтына кирген эмес.


Кудум эле бүгүнкү Отунбаева жактап жаткан жылаңач аял,ич кийимдин көргөзмөсүндөй окуя. Кудай дагы сактады,эгер арабызда намыскөй адамдар кыйкырып чыкпананда, бу бузулган көрүнүш да, бир нече жылдан кийин салт болуп кала бермек.


Анан Чыныбайга окшогондор, биздин маданият ушундай деп өзүн маданияттуу көрсөткөнгө далалат болуп жүрө беришмек.


Ээй, эси жоктор!


Уялып калгандын оордуна, осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт болгонуңарга жол болсун.


Музей деген,эң мыкты, эселтеден сакталып келе жаткан нерселерди муундан,муунга көрсөтө турган жай.


Бул жер,кайсы бир маданияты тайкы элдин укугун коргой турган жай эмес,кантип ушуну түшүнбөйсүңөр.


Уят,уят!


Силердин оюңарга койсо, батыштын бузулган жашоосун бат эле бизге таңуулап, эркек менен эркекти,аял менен аялы үйлөндүргөн илдетин,эртең музейде свадьба өткөргөнү турасыңар.


Эт жебесем таш жейин,этегиң жапчы кудагый болдуңар. Эсиң барда этегиңерди жапкыла. Дагы эле дөөрүй берсеңер ата-баба, бала-бакыраңардын намысына шек келтирип аласыңар. Мезгил өткөндө: мобу баягы батыштын бузулган маданиятын жактап дөөрүгөндүн баласыбы ыя?- деген клеймо тагып албагыла".