Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Бакировдун демилгеси менен “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсы тарабынан берилген маалыматтар боюнча, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк деӊгээлиндеги электр энергиянын жоготуулардын көлөмүн, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемалардын таасирлерин изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү боюнча убактылуу комиссиясы түзүү үчүн  Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;
“Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;
“Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;
“Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;
“Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.