Саясатчы Өмүрбек Абдырахманов коомчулукта катуу талкууга алынып жаткан “жылаңач” көргөзмө тууралуу үн кошту. Ал пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:

“Мен балким өлкөнүн эң бир либералдуу жана батышчыл адамы болсом керек жана жаш курагыма гана байланыштуу эмес... Сүйүү жана сексуалдык мамиле жаратылыштан болот, аны эч ким жокко чыгара албайт. Бирок жаныбарлардан айырмаланып маданияттуу адамдар бул маселелерди ачыкка чыгарбайт. Мен учурда радио жана ТВдан берилип жүргөн бир күчтүү ырды мисалга келтирейин:

Аркарын атсам зоосунан.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан»….  Мындай ырлар дайыма болгон бирок булар уятсыздык эмес.

А бул жерде такыр башка тууралуу сөз болуп жатат – башкы музейдеги жылаңач аялдар көргөзмөсү. Биздин коом учурда абдан чыңалган акыбалда. Экономикалык абал ыйлай тургандай, бийлик коррупцияга баткан жана реформа жасабай жатат, эл орто кылымга жана динге кайта баштады. Молдолор көп аялдуулукка үгүттөп, өздөрү ачык эле үлгү болуп жатышат. Эл негизинен той өткөрүү менен алек. Коомчулукта толеранттуулук нөл. Бийликчилдер бирин бири каматып, жеп салганга даяр. Эл кланга бөлүнгөн... Эркектердин өзүмчүлдүгү апогейине жетти. Кыздарды ала качуу коомчулукта жана укук коргоо кызматтары тарабынан талкууланбайт. Алар башка иштер менен алек. Аялдарды жана секелектерди зордуктоо кадыресе көрүнүш болуп калды... Анан ушундай көчкүнү жылаңач аял менен токтотойун деп атасыңарбы..? Музейдин директору менен экс-президент мунун баары жаңжалга алып келээрин билбей калышыптырбы? Алар өздөрүн актап оңду-солду интервью берип жатышат. Мамлекеттик башкаруудагы пайдубалдык реформага өлкө гана эмес коомчулук да муктаж. Бул терең маселени примитивдүү ыкмалар менен чече албайсың..."