«Контрабанда, коррупция менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча контрабанда же коррупция токтобойт»,- деди депутат Кожобек Рыспаев парламент жыйынында.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. 

Депутат Мирлан Жээнчороевдин пикиринде  ИИМ алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкармалыктын кызматкерлердин санын кыскартпоо керек.  Депутат Талант Мамытов ички иштер министрлигинин 8-15 миӊ сомдук маянасы натыйжалуу иштөөсүнө жетиштүүбү деген суроону коюп, мамлекет тарабынан үй менен камсыздоо сыяктуу стимул берүүчү иш-аракеттер болушу керектигин белгиледи.

Депутат Зиядин Жамалдинов Кытайдан кирген товарлар боюнча алардын маалыматы менен биздин Бажы кызматынын маалыматы дал келбей жатканын, кытай тарап тиешелүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин айтып Өкмөттү бул маселеге дыкат мамиле кылууга чакырды.