Депутат Максат Сабиров журналисттик иликтөөгө президенттин жана өкмөттүн өкүлүн көңүл бурууга чакырды.

- «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө айтып жатышканда анча көңүл бурган эмесмин. Эми ант берген, погон тагынган офицерлердин айтып жатканын угуп, биз кандай мамлекетте жашап жатабыз деп жүрөгүм ооруду. Кечээ чек ара кызматкерлери майор Камчыбеков, улук лейтенант Осмонбеков экөө «Алты айдан бери качып жүрөбүз. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү капитан Алиев ушул ишти көтөрүп чыгып, бизге кылмыш иши ачылган» деп жатышат. Эгерде Аскер прокуратурасы ушундай иштерге барып, погон тагынгандар качып жүрсө кимге ишенебиз?, - деди Сабиров.

4-декабрда «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу үч медианын чогуу жасаган иликтөөсү чыкты.

Иликтөөдө нак акча ташыгандардын түйүнү жылдар бою миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турганы, көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келгени баяндалат.

Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки кызматкери - Айбек Камчыбеков жана Марлис Осмонбеков кабарчыларга нак акча «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен кантип ташылып турганын айтып беришкен.

ЭлТР телеканалы 4-декабрда бул иликтөөнү эфирге чыгаруудан баш тартты.