2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча «МЭА» ААКнын операциялык ишмердүүлүгүнөн түшкөн пайда 1 млрд. 709 млн. сомду түздү. 2018-жылга салыштырмалуу операциялык пайда 28%га көбөйдү.

Кирешелердин жалпы көлөмү 3 млрд. 382 млн. 517 миң сом түздү, алардын ичинен авиациялык ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелер 3 млрд. 382 млн. 517 миң сомду түздү.

2018-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 12%га көбөйгөн.

Негизги эмес ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 17 млн. 197 миң сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 15%га жогорулады.

Ошондой эле, 2019-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине жана Социалдык фондго 616 млн. 877 миң сом чегерилди.

2019-жылдын 9 айында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлерге 814 млн 74 миң сом суммада дивиденддерди төлөндү, анын ичинен мамлекеттик үлүш катары республикалык бюджетке 718 млн. 231 миң сом чегерилди.

«МЭА» ААК аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.

Өлкөнүн аба дарбазасы – «Манас» эл аралык аэропортунун учуулар зонасын 1300 кв.м. кеңейтүү боюнча долбоор жүзөгө ашырылды. 110/35/10кВ «Манас» көмөк чордонун реконструкциялоо боюнча долбоор аягына чыкты. Эл аралык учууларды тейлөөчү аэробекет комплекси-2 курулуш иштер соңуна чыгууда.