Журналист Азиза Бердибаева социалдык тармакка жылаңачтанган сүрөтүн жүктөдү. Ал мындай кадамга өлкөнү саздай соруп жаткан коррупцияга каршылык көрсөтүү иретинде барганын белгиледи. 

"Мен биздин аткаминерлердей эмесмин. Мен өз сөзүмө жооп берем ошондуктан жарандык позициямды ушул сүрөт менен билдиргим келди.

Эгер биздин өлкөдө маселеге жылаңач дене аркылуу да көңүл бурдурта алсак макул, мен жылаңач денем менен ушул убакка чейин чечилбей келаткан маселеге көңүл бургузам.

Менин денем көргөзмөдөгү кыздыкындай эффекттүү болбосо койсун, мага баары бир. Мен бул аракетим менен Миллиондун ишине реакция жасаткым келет", - деп жазган Бердибаева.