Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта алардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат.

 

«Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз» деп билдирди УКМК.

 

УКМКК «Азаттык Медиа» мекемесинин эки кызматкерин 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

 

Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

 

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

 

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

 

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

 

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

 

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.

 

Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялаган.

 

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.