Саясат талдоочу  Бакыт Бакетаев   оригиналдуу ойлору менен өзгөчө. Ал  бир айдай убакыт мурда өзү күбө болгон окуяны айтып берди:

 

- Бир жолу такси чакырдым. Айдоочусу чачын ак аралаган улгайган киши экен. Жолдон аркы-беркиден кеп салып сүйлөшүп бардык. Мен аны тааныдым – маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун атасы. Бирок тааныганымды айтпадым. Артында отуруп баратып эки ой пайда болду. Биринчиси,   министр баласына таарыныч – улгайган атасын айдоочу болгонго аргасыз кылбай жакшы шарт түзүп бербейби. Бул эми кыргыздарга биринчи келчү ой го. Айдаган машинесине баам салдым, катардагы көп иномаркалардын бири. Атасына кымбат баадагы автоунаа алып бергенге күчү жетпейби, жакшы кызматка отургузуп койбойбу, таанышы болсо көп, атасы да иштей турган убакта экен. Министрдин колунан келбейби бул дедим. Анан кайра министрге болгон ыраазычылык жаралды. Булар чынчыл, иштерман үй-бүлө турбайбы деп ойлодум. Башка министрлердин аталарын да тааныйм, дээрлик баары кымбат унаада жеке айдоочусу менен чалкалап жүрүшөт. Жада калса рулду да өздөрү кыймылдатышпайт, жеке айдоочу жалдашат! А бул киши баласы министр болсо да эл катарында оокатын кылып жүргүнчү ташып иштеп жатат. Маданият министрлигин жетектеген жаш жигит чынында таза иштеген, алдым-жуттумду билбеген маданияттуу министр экен деп калдым да ага болгон урмат-сыйым арта түштү. Атасы рулду кыймылдаткан сайын менин көз алдымда баласынын кадыр-баркы өсүп баратты. Таза болбосо министрлерге атасы үчүн кымбат автоунааны таап алыш оңой эле нерсе эмеспи. Министрлик кызматка келгенин бир жыл болду, айрым шылуундар ушул убакыт аралыгында эле өзүнө жана жакындарынын ыңгайына жараша жашоону камсыздап кое алышат. А Жамангулов сыягы ак эмгектен четтебеген, мамлекет үчүн иштөөнү башкы орунга койгон кадр окшойт. Кийинки президенттик шайлоодо мына ушундай жаш, таза, жулунуп-жутунбаган кадрлардын жылдызы жанышы ыктымал, - деди Бакетаев.

 

Ушул жерден менде да суроо жаралды, аны окурманга да бергим келет: саясат талдоочунун биринчи оюу туурабы же экинчиби? Министр балага таарыныш керекпи же кубатташ керекпи?