Кадыр Кошалиев Фейсбуктагы баракчасына Өмүрбек Текебаев тууралуу пикирин калтырды. 

 

"ТЕКЕБАЕВДИН БАШ МЫЙЗАМЫНАН БАШ ТАРТАЛЫ!


Кечээ Р.Отунбаева апчебиз Ө.Текебаевдин китебинин бет ачарында текеберденип, "айылдыктар маданиятыңарды көтөргүлө, биз силердин деңгээлиңерге түшпөйбүз"-деген сөзү бекеринен ал жерде айтылган жок. Бул эки саясатчынын максаты, кызыкчылыктары, жем жеген, отчет берер жерлери бир. Улуттук уңгудан ажыратып, адам укугуна шыкалган колдонуудагы Баш мыйзам кыргыз коомун талкалаш үчүн кабыл алынган.


Урматтуу мекендештер! Бардык балээнин башаты, угуту болгон Текебаевдин Баш мыйзамынан баш тартуу РЕАКЦИЯСЫН баштоону калың элге сунуштайбыз!