Ошондон кийин келин катуу депрессияга кабылып калганы тууралуу кептер айтылып, видеону бөлүшкөндөрдү өчүрүп салууга үндөгөн билдирүүлөр чыга баштады.

 

Айрым укук коргоочулар келин басмырлоого кабылып жатканын айтып, ага жардам сунушташкан. Би-Би-Си өлкөнүн алыскы райондорунун биринде жашаган Ырысгүлгө байланышка чыгып, анын абалын сурады.

 

Ырысгүл бир топко чейин өксүп ыйлап, бир аптадан бери басмырлоодон башын көтөрө албай калганын даттанды. Күйөөсү менен эки ай мурун ажырашып кеткенден кийин ушул тасма тарап кетиптир. Бирок күйөөмдү сотко берүү ниетим жок деди ал.

 

Ырысгүл: Ал видео YouTube, Facebook, Whatsapp сыяктуу кат алышуу кызматтарына, коомдук сайттарга тарап кетиптир. Бардык жерден өчүртүп бере аласызбы. Эч нерсе кыла албай эле жатып калдым, сотко да кайрыла албадым. Эмне кылышты да билбей калдым.

 

Би-Би-Си: Бул видео качан тартылган эле, кантип тарап кетти?

 

Ырысгүл: Бул видео сентябрдын башында тартылса керек. Мен күйөөм анда мени тартып жатканын билген эмесмин. Ал мени ошондой абалга жеткирген эле. Ага чейин эч нерсе алып бербей, ошол күнү ачуума тийип, видеодо өзү жакшы сүйлөгөн, момун киши болуп чыга келиптир. Жолдошум мурда ал видеону менин эжеме жана кайнежеме жөнөткөн экен. Мен анда ал видеого көңүл деле бурган эмесмин. Себеби, ал мени тартып жүргөнү оюма да келген эмес. Күйөөмдү сотко берем десем, "бул видеону силер чыгаргансыңар, мени уят кылгыңар келип жатат" деп айтты. Ал кайра бизди коркутуп, "башка видеолорун бар, аларды да чыгарып жиберем" деп коркутууда. Эмне кылышыбызды билбей эле отурабыз азыр.

 

Эми үй-бүлөдө жашаганда ар кандай нерсе болот да, уруш болот, талаш болот. Жакшы да күндөр болгон.

 

Би-Би-Си: Жолдошуңуз менен азыр чогуу жашайсыңарбы?

 

Ырысгүл: Ошондогу уруш-талаштан кийин үйгө кетип калдым. Мен кетип калгандан эки айдан кийин жолдошум башкага үйлөндү. Аны менен болгону сегиз эле ай чогуу жашадык. Азыр такыр байланышым жок. Эжем ага чалыптыр, келип видео кайрылуу жасап, Ырысгүлдөн кечирим сура деп. Андан башка эч нерсенин кереги жок дептир. Сый бойдон калалы, соттошпойлу дегенбиз. Ал макул, барам деген экен, эртеси күнү эжем чалса, "силер өзүңөр эле чыгаргансыңар, колуңардан келгенин кылып алгыла" деп жооп берген "Сотко берсеңер башка видеолорун дагы чыгарам" деп опузалаптыр. Ошого унчукпай отурабыз.

 

Би-Би-Си: Талкууга түшкөн тасма ким тарабынан чыгып кеткенин тактай алган жоксуңарбы?

 

Ырысгүл: Жок, ошону биле албай турабыз. Видеону күйөөм тартканы факт. Бирок видеону башкаларга жөнөткөн, алар дагы бирөөлөргө жөнөткөн чыгар. Балким, жолдошум "эмнеге ажыраштыңар десе", "мүнөзү ушундай болсо, ажырашам да" деп жөнөткөн чыгар. Же өзүн акташ үчүн кылышы мүмкүн. Бирок ал видео тартканы менен интернетке жүктөштү деле билчү эмес. Видео колдон-колго өтүп, анан интернетке чыгып кетти деп ойлойм. Интернеттеги пикирлерди баарын караган жокмун. Бирок абдан талантын баалап жүргөн белгилүү куудулдун тамашага айлантканы мага эң оор тийди. Ал мени жөн эле шакаба кылыптыр. Анын деле карындашы, жубайы, кыздары бардыр. Ошону ойлонбойбу деп өтө капа болдум.

 

Би-Би-Си: Сизге колдоо көрсөткөндөр болдубу?

 

Ырысгүл: Ооба, андайлар болуп жатат. Коомдук сайттарда дагы "эркек болгондон кийин, жубайына эмнеге мындай мамиле кылат", "жубайын видеого тартып таратууга кантип дити барды", "үй-бүлөлүк таралш-тартышты дагы жайылтабы" деген пикирлер болуп жатат. Ошол эле маалда, "бул аялды өлтүрүш керек, тозокко күйгүзүш керек" деп, кыйкырып чыккандар таң калтырды. Чынын айтайын, видеодон өзүмдө көрүп, жийиркенип кеттим. Эжемин телефонуна көрүп, ошол замат өчүрдүм. Ал жерде өзүмдү жоготуп койдум. Күйөөм ошол абалга жеткирген эле. Мен анын экинчи никесимин, менден он жаш уулу эле. Мурунку никесинен эки баласы бар. Үйрүлүп, карап мээримимди төктүм. Ажырашып кеткенден кийин да кичүүсү жаныман кетпей, мени айланчыктап, ыйлап жүрдү. Ошончолук жаман аял болсом, бала ошентип үйрүлөт беле. Кичүү баламдын мени издеп турганын элестетсем, жүрөгүм зил болуп кетип жатат. Мага качан келем десе, аны кучагымды жайып тосуп алам.

 

Би-Би-Си Кыргыз кызматы