Фейсбукта Мааданбек Таалайбек улуу аттуу колдонуучу өткөөл убактын президенти Роза Отунбаеванын: "Айылдыктар, оңолгула, маданиятыңарды көтөргүлө! Биз силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз", - деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. 

 

Өзгөртүүсүз беребиз: 

 

"Отунбаева Роза Исаковна!!!


Айылдан келгендер толуп кетти дегидей, мамлекет берген Резденциянын төрүнө келип, тамак-ашыңызга бутун салып, өлкөнүн эсебинен алган акчаңызды ала качкан жок! Билесизби таразага салсак, элеттин эли сизден алда канча айырмалуу болобуз! Эң биринчиден, пейилдери,карапайымдуулугу, ток пейилдүүлүгү, боорукердүүлүгү, башкысы "Кыргыз"жыттанып турушат. Жакшылап окуңуз, "Батыш"жыттанып эмес! Өзүңөр " Эшек минип,суудан өтүш керек болгондо" Ошол "Элита" сымактар Кыргыз Республикасынын көтөрө кыдырып, шайлоо алдында "Элеттин элине барып" Опол-тоодой күч үрөп, албууттанып ала-чаап сүйлөп, көкүрөгүңөр "Кыргыз"деп сокпосо дагы, кылтыйып добуш жыйнаганга барасыңарго 😁


"Жөөттөр кыргызды чаккыча,жылаан чаккан жакшы" Эээх,айылда соонун, айылдыктарда соонун, абасы, тамак-ашы, табияты.Эртең менен, "Кош эй, кош деп, кечинде бөлөк-бөлөк"- деп койлорду бөлүп) Жогоруда айтканымдай, айылда мал-чарбачылыгы менен күн өткөрүп, жетими-жесири, карысы-жашы дагы "Кудай"деген кур калбайт деп, барына шүгүр қылып,ар ким өз жашоосу менен алек.Айылдан келгендер, Мамлекетти тоногон жок, ыйлатып кордогон жок, калаага келсе, "Өлкөнү билимдүү жаштарга толтуруп, өлкө үчүн кызмат кылууга агылып келүүдөбүз" Окуу үчүн төлөмдүбү, керек болгон жактарга акчаны өзүбүз, мал-жандыкты сатыппы, айтоор берип келе жатабыз. Батыш каржылаган жок айылдыктарды😊Айылдан алган нукура тарбияны, досубузга, коңшубузга, "Киргиз"болуп калгандарга акыр-ыын берүүдөбүз! Өлкөбүзгө салым кошкон инсандардын көпчүлүгү сиз айткан айылдан келгенин унутпаңыз! Чет элде Кыргыздын атын таанытып,жүргөн айылдан чыккан ишкерлерда бар. Жаш спортчу Айсулуу Тыныбекова деген кызыбызда айылдан чыккан, улуту бөлөк болсода Валентина Шевченко айыл-шаар дебей,жалпы элге кызмат кылып,улуттун учун узартып келе жатат.Айта берсек айылдык азаматтарыбыз көп.


"Искусство"-деп эмнени айтып жатасыз? Жылаңач денениби, же турсийдиби?


Жоо-ок.. Живопись, же дизайнбы айтоор кайсыл жагы болбосун, Г. Айтиев, С.Чокморов Л. Ильина, А. Михалёв, А. Игнатьев, С. Акылбеков, В. Тюрин, А. Молдакматов, Т. Садыков, А. Асранкулов, А. Бейшенов, Т. Герцен, Б. Жалиев, С. Ишенов, Ж. Кадралиев, Т. Курманов, Макашев А. Арым Кубат, Д. Кадыралиев ж.б ушундай чыгаан инсандарыбыздын эмгеги,көргөзгөн жолу Кыргыз маданиятына, көркөм өнөр искусствосуна жеткиликтү болот деп эсептейм! Батыштын саясатыда, маданиятыда, "Кыргызга" керек эмес.


"Эси кеткен ит ээсин кабат, эстүү этек жабат"-деген Кыргыздын соонун макалы бар). Айылдык-шаардык кылып бөлбөй! Апей бөлбөй деп койом, "Иттер үрө берет,кербен жүрө беретда" Айтоор сиз көкүрөгүңүздөн "Батышты"алып, байкап сүйлөңүз. Урматтуу Кыргыз элим, Мен Мааданбек Таалайбек уулу айылдан чыккан жаран катары, журналист катары, Роза Отунбаеванын элден кечирим суроосун талап кылам!!!


Пы-сы:


Айылдыктар өзүбүздү коргоп албасак, кодулап бүттү 😁,бири фасоль,кой-мой десе,эми айылдан келгендер толуп кетти деп. "Шаарыңарды курчап койсоңорчу чет өлкөгө киргендей кирели", Апеей шарга айылдыктар толуп кетти десеңиз,шаар сиздикиби.... деп саамга ойлонуп калбадымбы 😁 Сиздики болсо айылдыктар кирбей калмак экенбиз 😁😁


Дагы бир эки депутаттай болуп шефке чалып, жумуштан бошот,тиги-бу дегениңер өтпөйт айтып койойун) мен кайрылчу жеп-жутаарлардын тизмеси көп,убакыт жолуктурат силер менен!

#Отунбаевакечиримсура
#Элэмнедейт".