Кыргызстандын сүрөтчүлөр Бирикмеси Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейиндеги окуя боюнча жыйналыш өткөрүштү. Кесипкөй сүрөтчүлөр  көргөзмөдө “чыгармачылыктын” көркөм баалуулугу жок болгон, актуалдуулугун эчак жоготкон  баналдуу ыкмалар колдонулганын моюнга алышты.

 

Белгилей кетсек сүрөтчүлөр Даниядан келген модель кыздын жылаңачтанган көргөзмөсүн кеп кылышты. 

 

Сүрөтчүлөр жаш министр Азамат Жаманкулов музейдин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алып шашылыш бүтүм чыгарган деп эсептешип, ага карата "подстава" болуп калганын белгилешкен. Ошондой эле   президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп Мира Жангарачеваны кайра кызматына коюу өтүнүчүн келтиришкен.